Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Исфанада “Бүтүн Кыргызстандын” өкүлү мэр болду


Лейлек районунун борбору Исфана шаарында бүгүн мэрди шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан көрсөтүлгөн Ташболот Козубаев көпчүлүк добуш менен шаар башчысы болуп тандалды. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын 20сы добушун берген. Козубаевге атаандаш катары шайлоого катышкан “Ата Мекен” партиясынын талапкери, Исфананын буга чейинки мэри Хамза Салямов 11 депутаттын добушун топтоду.

Дүйшөмбүдө Сүлүктү шаарында да “Бүтүн Кыргызстандан” көрсөтүлгөн талапкер Абдызакир Ибрагимов көпчүлүк добуш менен шаар башчылыгына шайланган эле.

Ушул апта ичи (28-январдан 3-февралга чейин) Кыргызстандын 20 шаарында жана 250 айылдык аймагында (айыл өкмөтү) башчыларды шайлоо өтүп жатат. (TD)

XS
SM
MD
LG