Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Орусия АКШ менен дагы бир келишимден баш тартты


Штаттары Орусиянын күч жана наркозатты көзөмөлдөө жаатындагы кызматташтыктан баш тартуу чечимине өкүнүчүн билдирди. Мындай чечим эки өлкөнүн алакасы улам начарлап бараткан мезгилде кабыл алынды.

Ушул шаршембиде орус өкмөтү АКШ менен мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча 11-жылдан берки кызматташттыкты токтотуп жаткандыгын шардана кылган эле. Ушуга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Виктория Нуланд Вашингтондун өкүнүчүн мындайча билдирди:

Биз албетте мындай чечимге өтө өкүнөбүз, анткени биздин келишимге ылайык, биз Орусия менен мыйзамдын үстөмдүгү, корруция менен күрөш, адам соодасын алдын алуу, наркозаттын соодасы менен күрөш жана мыйзамдык кызматташттыкты бекемдөө жаатында Орусия менен абдан жемиштүү иштешип келди. Бул жана башка эки тарапка тең пайдалуу мыйзамды бекемдөө маселелеринде, анын ичинде маң заттарына тыю салууда биз Орусия Федерациясы менен кызматташтыкты улантууга дагы деле кыздыктарбыз.

Нуланд өз чечиминен Орусия өзү эле жапа тартат деген таризде сүйлөдү.

Орус өкмөтү өзүнүн расмий барагында ушул шаршембиде «бул келишимдер азыркы турмуш зарылчылыктарын чечүүгө багытталган эмес жана өзүнүн потенциясын пайдаланып бүттү» деген билдирүү жайгаштырган эле.

2002-жылдагы келишим боюнча Вашингтон Кремлге маң заттарынын аткезчилиги, адам соодасы, интернет технологиясына байланышкан кылмыштар, арам акчаны адалдоо, корруция жана терроризм менен күрөш жаатында каржылык жардам көрсөтүп келди.

Келишимдин токтотулушу АКШ менен Орусиянын алакасы начарлап кеткен мезгилге туурал келүүдө.

«Орус өкмөтү Вашингтондон болгон көз карандылыктан арылуу багытында баратат» деп айтты Мамлекеттик Думанын эл аралык байланыштар комитетин жетектеген Алексей Пушков.

Сентябр айында Орусия АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү агенттиги болгон ЮСЭЙДди өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Ал эми декабрда америкалык жарандарга Орусиядан бала багып алууга тыю салган эле.

XS
SM
MD
LG