Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Өзбекстанда “кара базарда” курс өзгөрдү


Кечээги жарыядан кийин өзбек сумунун куну учту

Кечээги жарыядан кийин өзбек сумунун куну учту

Өзбекстанда кечээ чет өлкөлүк валютаны сатууга тыюу салынаары кабарлангандан кийин “көмүскө базарда” өзбек улуттук акчасы - сумдун – наркы түшүп кетти. “Азаттыктын” өзбек редакциясынын кабарчысы айткандай, Ташкенде акча алмаштырган бейрасмий жайларда азыр 1 АКШ доллары 3000 өзбек сумуна барабар. Кечээ эле 1 АКШ долларын ушул жайларда 2600 сумга алмаштырып жатышкан. Мамлекеттеги расмий курс боюнча, 1 доллар 1980 сумга барабар деп айтылууда.

Борбордук банктын кечээги кабарында 1-февралдан тарта өлкөдө өзбек сумун башка өлкөнүн акчасына алмаштыруу жалаң эл аралык төлөм карточкаларына жергиликтүү пластик картадан акча которуу менен гана ишке ашырылат деп эскертилди. Эреже ишканаларга эмес, жеке адамдарга гана тиешелүү экени айтылды.

“Азаттыктын” өзбек редакциясына сүйлөп жатып, Улуттук банктын өкүлү “жаңы эреже өлкөдөгү “кара базарда” акча алмаштырууга каршы күрөштүн алкагында” ишке ашырылаарын билдирген. Өзбек жарандары менен чет өлкөлүктөр башка мамлекеттин валютасын өзбек сумуна оңой эле алмаштыра алышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG