Бүгүн Карачи шаарында машинеде бараткан эки сунни диниятчысын белгисиз бирөө атып кеткенин жергиликтүү полициядан кабарлашты.
“Франс-пресс” маалымат агенттиги билдиргендей, набыт болгондордун бири таасирдүү диниятчы Абдул Мажид Динпури, Жамия Банури "Улум Исламия" деген диний окуу жайдын жетекчилеринин бири болчу.
Пакистандагы эң ири шаарда бул өңдүү зордук-зобун байма-бай катталып турат. Кечээ Карачинин четиндеги райондордун биринде бомба жарылып, эки адам өлгөн. Былтыр жыл ичи түрдүү этникалык жана саясий жаңжалдарда 2000дей адам көз жумган.