Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Клинтон: АКШ мурдагыдан күчтүү жана сыйлуу


Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы катары жыйынтыктоочу сөзүндө азыр АКШ өзү кызматка киришкен төрт жыл мурдагыга караганда “күчтүүрөөк жана дүйнөдө сыйлуурак” деп билдирди. Ал Вашингтондогу Тышкы иштер кеңешинде сүйлөп жатып, АКШ дүйнөнүн “алмаштырыс күчү” катары кала берерин белгиледи. Анын айтымында, жакынкы жылдары Американын Азиядагы позициясын бекемдөө, Ооганстандагы согушту аягына чыгаруу, Жакынкы Чыгыштагы өзгөрүүлөрдү тескөө жана экономикалык кеңири кызматташтыкты арттыруу тышкы саясаттын негизин түзмөкчү. 4-февралда Клинтондун ордуна мамлекеттик катчылыкка сенатор Жон Керри келмекчи. (KKs)

XS
SM
MD
LG