Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Камактагы депутат Садыр Жапаров сотто көрсөтмө берет


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда “Ата Журт” фракциясынын лидерлери баштаган жети адамдын соту уланат. Сот жараяны депутат Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен башталаарын анын адвокаты Шерабидин Токтосунов “Азаттыкка” билдирди. Жапаровдон кийин депутат Талант Мамытов, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев, андан соң Ташиевдин үч жан сакчысы суроолорго жооп бермекчи.

Кечээки соттук жараянда депутат Камчыбек Ташиев көрсөтмө берип, Ак үйдүн тосмосун эл кызыкчылыгы үчүн ашып түшкөнүн, бул кылмыш эместигин билдирген.

Үч депутат былтыр 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу Бишкектеги нааразылык акциясынан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн эле. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG