Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Майып кыз-келиндердин кол өнөрчүлүк борбору ачылат


Бүгүн Бишкекте майып кыз-келиндерди кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү атайын борбордун ачылыш аземи болот. Бул борбордо кыз-келиндер кийим тигүүнү, курак куроону, чий согууну жана кийизден ар кыл буюм-тайымдарды жасоону акысыз үйрөнө алышат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, аларды окутууда Дилбар Ашымбаева жетектеген “Дилбар” мода үйү колдоо көрсөтүп, таланттуу уздарды кызматка алмакчы. Бул борборду “Таза дил” коомдук бирикмеси “Абилис” аттуу финляндиялык кордун колдоосу менен ачып жатат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG