Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Жалал-Абадда окуучуларга адам укугунун негиздерин үйрөтүшөт


Облустагы адам укугун коргоочу "Адилеттик" уюму Жалал-Абад шаарындагы үч мектептин 9-классынын окуучуларына балдар жана адам укугун коргоонун жол-жоболорун үйрөтө турган болду.

Сабак кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүрүп, окуудан сырткары маалда өтөт. Анда жаңжалдарды тынч жол менен жөнгө салуунун ыкмалары (медиация - ортомчулук) да үйрөтүлөт.

Норвегиялык Хельсинки адам укугун коргоо комитети жактырган бул алты айлык долбоор 2-февралда башталат. Күздөн тарта мындай окуулар облустун башка райондорундагы мектептерде да уюштурулмакчы. (YA)

XS
SM
MD
LG