Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Арак-шарап чыгарган 5 компания лицензиясынан ажырады


Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, “ВинГрад”, “Сманов Алко”, “Компания АиС”, “Кристалл Алко” жана “Аква Вита” компаниялары лицензиядан ажыратылды. Буга ишканалардын мыйзам талабын аткарбаганы себеп болду. Аталган кызматтын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун “Азаттыкка” маалымдашынча, мыйзамга ылайык аталган компаниялар жылына 100 миң декалитр арак-шарап өндүрүп, акция салыгын төлөшү керек болчу.

Кыргызстанда жалпысынан алкоголь ичимдиктерин өндүргөн 9 компания бар. Азыр лицензиялуу төрт ишкана калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG