Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:45

Дин боюнча мамкомиссия Саентология чиркөсү менен соттошуп жатат


Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарындагы Ленин районунда диний жайларды текшерүү учурунда маалым болду. Жеринде жүргөн кабарчыбыздын маалымдашынча, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бул чиркөөнүн лицензиясын алып койгон. Буга байланыштуу чиркөө сотко кайрылган. Азыр тергөө жүрүп жатат. Дин комиссиясынын маалыматына ылайык, Саентология чиркөөсү Юстиция министрлигинен диний уюм катары каттоодон өткөн, аталган комиссиядан лицензия алган. Бирок иш жүзүндө психологиялык ар кандай окууларды өткөрөт. Бул үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен да өзүнчө уруксат алышы керек.

Рейддин жүрүшүндө Арча-Бешик конушундагы “Абдулла ибн Масуд” медресесинин ишинде кемчиликтер аныкталды: 9-классты бүтүп келген 200дөн ашык бала окуган бул жайдын шарты начар жана кийим-кечесин жууй турган жай жок.

Ленин районунда жалпысынан 11 чиркөө, 12 мечит, 6 медресе жана 11 намазкана бар. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG