Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Иса чиркөөсү текшерүүчүлөрдү киргизбей койду


Бишкекте Ош базарынын жанындагы Иса чиркөөсү бүгүн атайын текшерип баргандарды киргизбей койду. Чиркөөнүн юристи текшерүү тууралуу алдын ала эскертилбегенин жүйө кармады. Шаардагы Ленин райондук акимчиликтин өкүлдөрү алдын ала бир канча жолу айтылганын, аталган чиркөө ушуну менен үчүнчү жолу босогосун аттатпай жатканын билдиришти.

Документтер боюнча чиркөөнүн уюштуруучусу Марс Өмүрзаков деген адам. Маалыматка караганда, анда сыйынуу жөрөлгөлөрү өтүп турат жана жекшемби күндөрү мектеп уюштурулат.

Иса чиркөөсү христиан дининдеги протестант бутагынан бөлүнүп чыккан. Кытайда 1917-жылы негизделген. Кыргызстанда аталган диний уюмдун канча мүчөсү бар экени тууралуу так маалымат жок. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG