Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Кытайда кыргыз акындын кечеси өттү


Кытайдын Текес ооданында акын, жазуучу Турсунжан Темиркан уулунун чыгармачылык кечеси болду. Кытайлык блогер Бектур Илиястын кабарлашынча, анда калемгердин Дулдул сыйлыгын алган "Kызыл калжак" аттуу поэмасынан, «Өмүр ай» деген прозалык жыйнагынан үзүндүлөр окулду. Шинжаң уйгур автоном райондук «Дулдул» кароосун 12 жылдан бери кыргыздар казактар менен кезектешип уюштуруп келет. Өспүрүм кезинен кулагы такыр укпаган 43 жаштагы жазуучу киндик каны тамган Көк-Терек кыргыз улуттук айылына караган мал фермада жашайт.

jch/Бектур Илияс

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG