Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Франция президенти Малиге барды


Франция президенти Франсуа Олланд Малиге кыска мөөнөттүү сапар менен келди. Тышкы иштер жана коргоо министрлеринин коштоосунда келген президент франциялык контингент менен жолугушуп, коопсуздукту камсыздоону Батыш Африка аскерлерине өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. 3 жумадай мурун Франция Малинин түндүгүн ээлеп алган радикал исламчыларды сүрүп чыгаруу үчүн аскерий операция баштаган. Олланддын сапары алдында БУУнун геноцид боюнча атайын өкүлү малилик аскерлер түпкүлүктүү эл же туарегдер менен карапайым арабдардан өч алууга аракеттениши мүмкүн деп эскертти. Адама Динг куралдуу күчтөрдү “улутуна же расасына карабай, бардык жарандарды коргоого” үндөдү.

XS
SM
MD
LG