Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Баткен: Кадамжай-Вуадил өткөрмө бекети ачылды


Чек ара кызматынын бүгүн маалымдашынча, Баткен жана Фергана облустарынын тургундары үчүн кыргыз-өзбек Кадамжай-Вуадил өткөрмө бекети ачылды. Мындан сырткары кыргызстандыктар үчүн Кадамжайдагы Пүлгөн – Көк-Талаа багыты боюнча тоскоолдуксуз транспорт каттамы жүрө баштады. Тараптар баткендиктер үчүн Өзбекстандын Сох анклавы менен Шахимардан айылы аркылуу тоскоолдуксуз өтүүнү камсыз кылууга милдеттенди. Учурда кыргыз-өзбек чек арасынын башка өткөрмө бекеттерин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

5-январда Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыгып, Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы менен Шаймерден айылына жана Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы Барак айылына жолдун баары жабылып калган.

1-февралда эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү, Фергана облусунун акими, Баткен жана Сох райондорунун администрация өкүлдөрү жолугуп, чек ара бекеттерин ачуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле Баткен районунун аксакалдары Өзбекстандын Сох анклавында жашаган аксакалдар менен чай үстүндө жолугуп, эки элдин ынтымагын бекемдөө, жараштыруу, чек ара чатактарын алдын алуу тууралуу сөз болгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG