Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Мюнхенде коопсуздук боюнча эл аралык конференция башталды


АКШнын вице-президенти Жо Байден Ирандын ядролук программасына байланышкан кризисти дипломатиялык жол менен чечүү үчүн мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт. Анын айтымында, Вашингтон администрациясы Тегерандын атомдук куралга ээ болушун алдын алууну көздөйт. Мындай билдирүүнү вице-президент Мюнхендеги коопсуздук боюнча эл аралык конференциянын ачылышында жасады. Жыйынга Европа биримдиги, АКШ, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 400дөй жогорку дипломаттар менен коргоо тармагындагы расмий адамдар катышууда. Алар Ирандын атомдук программасынан тышкары Сирия жана Малидеги кырдаалды талкуулашмакчы. Күн тартибине ошондой эле Түштүк-Чыгыш Европа менен Кавказдагы стабилдүүлүк жана коопсуздук киргизилген.

XS
SM
MD
LG