Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Аба ырайы: Кар көчкү коркунучу бар


Шашылыш эскертүү

Кыргызстанда 3-5-февраль күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

Аба ырайы

4-февралда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6... -1, күндүз -1... +4 градус, Талас облусунда түнкүсүн -5… 0, күндүз -1…+4 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5... 0, күндүз 0 ...+5 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7... -2, күндүз 0... +5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -13... -8, күндүз -7... -2 градус болот.

Бишкекте 4-февралда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз 0…+2 градус болот.

XS
SM
MD
LG