Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:47

АКШда Ирак согушунун ардагери, белгилүү көзгө атар өлтүрүлдү


Иракта бир нече жолу согушкан 38 жаштагы көзгө атар мерген Крис Кайл ишембиде Техастагы ранчосунда атып өлтүрүлгөн. Бул окуя боюнча шектелип, Ирак согушунун дагы бир ветераны 25 жаштагы Эдди Рей Раут кармалды, ал ошондой эле Кайл менен кошо дагы бир кишини өлтүргөн деп шектелүүдө. Эдди Раут 2007-жылы Иракта, 2010-жылы Гаитиде аскер кызматын өтөгөнү тастыкталды.

Ирак согушунун ардагери, снайпер Крис Кайл “Америкалык көзгө атар” деген китептин автору. Пентагондун маалыматы боюнча, ал согушта 160 согушкерди өлтүргөн, ал эми Кайл болсо өз огунан 200дөн ашуун согушкер өлгөнүн, Иракта өзүнө “желмогуз” деген каймана ат берилип, анын башы үчүн согушкерлер 20 миң доллар сайышканын китебинде жазган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG