Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Чет элдиктерди тоноду делген милиционерлер кармалды


Чет элдик жарандарды тоногон деген шек менен эки милиционер кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин ички коопсуздук башкармалыгына Казакстандын жаранынан арыз түшкөн. "Дордой" базарынан аны милиция кызматкерлери күчтөп унаага киргизип, 109 миң теңгесин тартып алганын айткан.

Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы башкармалыктын инспектору Медер Атакулов жана Күзөт башкармалыгынын инспектору Бакыт Исаков менен мурда соттолгон жаран Бактыбек Чилов кармалды.

Кармалгандар дагы башка кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экени айтылууда.

Жакында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ички иштер министрлигинин коллегия жыйынына катышып, кылмыштуулукка каршы иш начар жүрүп жатканын айтып сындаган болчу. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG