Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Тажикстанда түрмөдөгүлөрдүн дагы бири өз жанын кыйды


Тажик түрмөлөрүнүн бириндеги бул киши декабрда түрмө аскерлери тарабынан кыйноого алынганын көрсөтүүдө

Тажик түрмөлөрүнүн бириндеги бул киши декабрда түрмө аскерлери тарабынан кыйноого алынганын көрсөтүүдө

“Азаттыктын” тажик редакциясына Махмадшариф Насриддиновдун туугандары кайрылып, түрмөдөгү айрым адамдар Насриддиновду ишембиде күзөт кызматкерлери катуу сабашканын айтышты деп билдиришти. Ошол эле күнү кечирээк Насриддинов түрмөдө дарга асылып өлгөн.

Абак жайдын жетекчилиги анын психологиялык проблемалары болгонун айтышат, бирок туугандары жакында эле аны менен жолугушканын, ошондо абалы жакшы болгонун билдиришүүдө. Жумурияттын түрмөлөр боюнча жетекчилигинин расмий өкүлү Одинашо Муродов окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Тажикстанда соңку кездери бир нече кишинин өлүгү табылышы алардын туугандарында көптөгөн суроолорду жаратууда. Октябрда “Эл аралык мунапыс” кору өлкө президенти Эмомали Рахмонго кайрылып, мамлекеттеги түрмөлөрдө адамдар кыйноого алынып жатканына каршы чара көрүүгө үндөгөн болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG