Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Израил ХАМАСтын 25 өкүлүн камаганын айтты


Израилдин армиясынан бүгүн кабарлашкандай, алар өткөн түнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде Палестинадагы куралчан ХАМАС тобунун 25 мүчөсүн камашкан. Палестинадагы Адам укуктары боюнча уюм болсо камалгандардын ичинде палестиналык үч депутат да бар экенин билдирди. Уюмдун ишениминде, депутаттардын камалышы Газаны башкарган исламчыл кыймыл ХАМАС менен анын негизги атаандашы, Батыш жээкти башкарган президент Махмуд Аббас жана анын партиясы ФАТХ ортосунда жарашуу аракетин жокко чыгарышы мүмкүн. Палестинадагы бул эки саясий топ ортосунда бийлик үчүн күрөш 2006-жылдан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG