Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Кыргыз-өзбек чек арасында дагы үч өткөрмө бекет ачылды


Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда дагы үч өткөрмө бекет ачылганын бүгүн “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, бүгүн Ош облусундагы Достук, Кең-Сай жана Жалал-Абаддагы Маданият өткөрмө бекеттери ачылды. Достук аркылуу мурдагыдай эле эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин жол ачык. Ал эми Кең-Сай менен Маданият аркылуу саат эртең мененки 9дан кечки 8ге чейин өтсө болот. Бирок өзбек чек арачылары кыргызстандык жарандарды Өзбекстанга чакыруу кагазы же нике күбөлүгү болсо гана өткөрүп жатат. Ошондой эле Өзбекстан аркылуу өтүп бараткан транзит жүргүнчүлөр үчүн да жол ачык.

1-февралда Кыргызстандын Баткен облусунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары үчүн Кадамжай – Вуадил өткөрмө бекети иштей баштаган.

26-январдан тарта буга чейин өзбек тарап жаап койгон Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Жалал-Абад жана Шамалды-Сай темир жол бекеттери ачылган болчу.

Гүлмира Бөрүбаеванын билдиргенине караганда, учурда эки өлкөнүн ортосунда дагы төрт өткөрмө бекет жабык бойдон:

- Сох анклавынын тегерегиндеги Кайтпас, Кызыл-Кыя, Ак-Кыя жана Өтүкчү өткөрмө бекеттери эки тараптан тең жабык турат.

5-7-январда Баткендин Чарбак айылында чыккан чек ара жаңжалынан кийин эки өлкө чек ара бекеттерин жаап алган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG