Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Түркмөнстанда мамлекеттик мүлк менчиктештириле баштайт


Түркмөн бийликтери приватизациялана турган ишканалардын тизмесин ачыкташты. Мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн кабарлашкандай, 9-мартта өтө турган аукционго ири дүкөндөрдүн бири, томат пастасын чыгарчу завод, эт комбинаты, өлкө боюнча машинелерге техникалык кызмат көрсөткөн станциялардын тармагы коюлмакчы. Аукционго жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор катыша алат.

Түркмөн президент Гурбангулы Бердымухаммедов мамлекеттин мүлкүн менчиктештирүү программасына өткөн ноябрда кол койгон. Бул иш быйыл башталып, 2016-жылы аякташы керек. Менчиктештириле турган ишканаларга өлкөнүн жаратылыш газын өндүрчү компаниялары кирери тууралуу азырынча айтыла элек.

Түркмөнстанда мамлекеттик мүлктүн менчиктештирилиши өзгөчө мааниге ээ, анткени азырынча анын экономикасы дээрлик толугу менен мамлекет тарабынан башкарылат.

XS
SM
MD
LG