Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Азербайжанда эки оппозиционер камалды


Башаламандыкта өрттөлгөн имараттардын бири, Исмайиллы, 24-январь, 2013
Башаламандыкта өрттөлгөн имараттардын бири, Исмайиллы, 24-январь, 2013
Оппозициялык “Мусават” партиясынын төрагасынын орун басары Тофик Якублу менен REAL кыймылынын лидери Илкар Маммадов эгер күнөөлүү деп табылышса, чоң суммада айып пулга жыгылышы же үч жылга чейин түрмөгө отургузулушу мүмкүн.

Алардын адвокаты “Азаттыкка” сүйлөп жатып жакынкы күндөрү сот болоорун кабарлады. Азыр бул эки оппозиционерди өткөн айда Бакы шаарынан 150 чакырымдай түндүк-батыштагы Исмайиллы шаарчасында болгон митингди уюштурган деп айыпташууда.

23-январда Исмайиллынын миңдеген тургундары райондун акиминин иштен кетишин талап кылып, анын үйүнө, машинелерге жана жергиликтүү мейманканага өрт коюшкан. Якублу менен Маммадов бир күндөн кийин Исмайиллыга барып, элди жарандык баш ийбестикке үндөшкөн. Полиция демонстрацияга чыккан элге көздөн жаш чыгарчу газ атып, суу чачып таркаткан эле.

XS
SM
MD
LG