Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

“Санпа шейиттери” Жалал-Абад облсотунун чечимине каршы


“Санпа шейиттери” коомдук бирикмесинин жана Кыргызстандын сотторун люстрациялоо кыймылынын мүчөлөрү Жалал-Абад облустук сотунун Санпа окуясы боюнча айыпталуучу Шамсидин Ниязалиевди 150 миң сом айып пул салып, сот залынан бошоткон чечиминин жокко чыгарылышын талап кылышууда. Буга байланыштуу аталган коомдук кыймылдардын мүчөлөрү бүгүн Ош шаарында маалымат жыйынын өткөрүшмөкчү.

Буга чейин Сузак райондук соту Ниязалиевди 2010-жылы июнь коогасында массалык башаламандык уюштурган, адам өлтүргөн сыяктуу оор беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин кескен. Облустук соттун Ниязалиевди бошотуу тууралуу чечимине облустук прокуратура да каршы чыгып, аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG