Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Сербия Косового алгачкы чабарманын жиберди


Серб аткаминерлери дүйшөмбүдө билдиришкени боюнча, Деян Павицевич Белграддын Косовонун борбору Приштинадагы байланыш офицери болуп дайындалды. Ал Сербия менен Косово өкмөтүнүн ортосундагы келишимдердин аткарылуусуна көз салмакчы. Павицевич мурда Косово боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүү жүргүзгөн Серб делегациясынын башчысы болгон. Ал өзүнүн жаңы кызматы – Сербиянын улуттук кызыкчылыгы үчүн гана иштерин белгиледи.

Сербия дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсү тааныган Косовонун көз карандысыздыгын тааныбайт. Косово Сербиядан 1999-жылы бөлүнүп чыккан. Евробиримдик Сербиянын Косовону көз карандысыз мамлекет катары таануусу анын биримдикке мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG