Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргыз тилиндеги балдар адабиятынын абалы талкууланды


Кыргызстандагы азыркы балдар адабиятынын көйгөйлүү маселелерин талкуулаган жыйын Бишкекте өттү. Ага илимпоздор, акын, жазуучулар жана мугалимдер катышты.

“Азыркы балдар адабияты: абалы, проблемалары жана келечеги” деген темада уюштурулган талкууда акыркы жылдары кыргыз тилинде басылган балдар адабияты унутта калып жатканы айтылды. Филология илиминин доктору, “Азыркы балдар поэзиясы” китебин жазган профессор Үмүт Култаеванын пикиринде:

Балдар адабиятынын жакшы-жаманын талдаган адабий сын жок. Балдар адабиятына жамынып алып ар кандай китептерди чыгарып жаткандарга мамлекеттик көзөмөл жок болууда.

Талкуунун катышуучуларынын айтымында, балдар үчүн китеп жазуу өзүн актабай жатат жана балдар адабиятынын солгундашы котормого да таасирин тийгизүүдө. (ST/RK)

XS
SM
MD
LG