Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Мугалимдерди кайра даярдоого акча бөлүнөт


Кыргызстандык мугалимдерди кайра даярдоого эл аралык грант берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Парламенттин Бюджет жана финансы комитети Эл аралык өнүгүү ассоциациясы менен келишимди ратификациялоо чечимин кабыл алып, жалпы депутаттардын кароосуна жөнөттү.

Келишимге ылайык, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 1 миллион 200 миң доллар гранттык каражат бөлөт. Бул акча Билим берүү академиясы аркылуу мугалимдерди адистик кайра даярдоодон өткөрүүгө жумшалат.

Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы аз. Көптөгөн мектептерде бир мугалим бир нече сабакты окутууга мажбур. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG