Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Зордуктоодон мерт болгон индус кыздын соту уланды


Жаңы Делиде автобуста баратканда алты эркек кыйнап, зордуктап, анда алган жараатынан 29-декабрда көз жумган индус аялдын шериги сотто көрсөтмө бере баштады. 23 жаштагы студент кыздын 28 жаштагы жолдошун зөөкүрлөр катуу сабап, майып кылып коё жаздашкандыктан ушул күнгө чейин баса албайт. Ошондуктан ал сотко чыгырыкка отуруп келди. Беш айыпталуучу өздөрүн акпыз деп жатышат. Алтынчы айыпталуучу 18ге толо элек болгондуктан, анын иши өсүпүрүмдөр сотунда каралууда. Алардын айыбы ырасталса, өлүм жазасына тартылат. Бул окуядан кийин Индия боюнча аялдарды мыйзамдуу жол менен коргоону жакшыртууну талап кылып, миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өткөн.

XS
SM
MD
LG