Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Иракта жанкечтинин чабуулунан кайрадан кан төгүлдү


Иракта жанкечтинин бомба чабуулунан эки жоокер жана эки жолоочу набыт болуп, 14 адам жараат алды. Ирак бийликтеринин маалымдашынча, автомобилчен жанкечти бомбаны Багдаддын түндүк тарабындагы Тажи шаарчасындагы аскерий бекетте жардырган. Кечээ жанкечти ушу эле Тажи шаарчасында өкмөтчү сунни милициясына жасаган бомба чабуулунан 22 киши апаат кеткен. Соңку кезде Ирактагы сунни азчылыктары менен премьер-министр Нури Малики башындагы шиит өкмөтү арасында араздашуу күчөөдө. Өткөн бир жума бою миңдеген суннилер Ирактын ар кайсы жерлеринде демонстрацияга чыгып, Нуринин өкмөтүн суннилерди куугунтуктоодо жана саясаттан четтетүүдө деп күнөөлөшкөн.

XS
SM
MD
LG