Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

HRW Кыргызстанды Х. Сулаймановду Ташкенге бербегенге үндөдү


Эл аралык Human Rights Watch уюму өзбекстандык диниятчы Хабибулло Сулаймановду Ташкенге өткөрүп бербөөгө чакырды. Сулайманов октябрда Өзбекстандын суранычы боюнча камакка алынган. Кыргызстандын Башкы пркуратурасы Сулайманов мекенине жөнөтүлсүн деп чечкен.

Диниятчы мекенинде диний экстремизмди жайылткан деп күнөөлөнүүдө. Ал Башкы прокуратуранын чечимин ынанбай, апелляциялык сотко кайрылды жана Кыргызстандан саясый башпаанек сурады.

"Хьюман Райтс Уотчтун" кайрылуусунда Сулаймановго коюлган айыптоого карабай, кыргыз тарап диниятчыны Өзбекстанга өткөрүп бербесе болору, анткени аны абакта кыйноого алынарынан шек жок экени айтылат. Сулаймановдун доо арызы боюнча сот бүгүн башталбай жатып, 12-февралга калтырылды.

XS
SM
MD
LG