Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Валюта кору жана ооган өкмөтү мунасага келди


Эл аралык валюта кору жана ооган өкмөтү өлкөнү реформалоо боюнча өз ара мунасага келди. Кордун маалымдашынча, бул келишим ооган өкмөтүнө эл аралык уюмдан жардамдын келерки суммасын алуусу үчүн зарыл болчу.

Эл аралык валюта кору 2011-жылы ноябрда Ооганстанга 133, 6 млн. долларлык насыя бергенге макул болгон жана буга чейин ал акчанын 36 миллион долларын эки бөлүп берген.

Кордун билдирүүсүндө ооган өкмөтү банктардын өздүк капиталын көбөйткөнгө, бажы кызматын бекемдөөгө жана кошумча нарк салыгын киргизгенге даярдык көргөнгө макулдук бергени айтылат. Эл аралык уюмдун жардамы 2014-жылы Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгып кеткенге чейин экономиканы чыңдоого багытталган.

XS
SM
MD
LG