Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Бүгүн “Мегакомдун” иши боюнча соттук териштирүү уланат


”Мегаком” иши боюнча айыпталып жаткан Азамат Мурзалиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, сотто адвокаттардын суроо-өтүнүчтөрү каралат.

4-февралда болгон сот жараянында айыпталуучулардын адвокаттары тергөө ишине кошумча маалыматтар кошулганын белгилешип, бирок аны менен айыпталуучулар да, алардын адвокаттары да таанышпаганын билдиришкен. Сот аларга иштин материалдары менен бүгүнкү күнгө чейин толук таанышып чыгууга уруксат берген.

Өткөн жылы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Мегаком» уюлдук операторлорунун башчылары – «Альфа Телекомдун» башкы директору Азамат Мурзалиевди, анын кеӊешчиси Алмаз Абековду жана «Новострой сервис» ишканасынын башчысы Кенжебек Аман уулун мамлекет казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыптап, камакка алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG