Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Аскер бөлүгүнөн уруксатсыз кеткен жоокерлер толугу менен кайтып келишти


Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.
3-февралдын түнүндө ИИМдин Ички аскерлеринин №702 бөлүгүнүн 39 жоокери уруксатсыз бөлүктөн чыгып кетишкен. Бир күндүн аралыгында жыйырма беш, андан кийин дагы тогуз жоокер аскер бөлүгүнө кайтып келишкен. Акыркы экөө бүгүн түндө туугандарынын коштоосунда аскер бөлүгүнө кайтып келишкен.

Бул окуя боюнча учурда Аскер прокуратурасы иш алып барууда, ошондой эле “Жоокерлердин энелери” коомдук бирикме да бул иш боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзөрүн билдирген.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодекси боюнча аскер бөлүгүнөн уруксатсыз чыгып кеткен жоокерлер үч күндүн ичинде кайтып келсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, бул дисциплинардык баш ийбөө деп эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG