Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Чолпонбай Түлөбердиевге арналган китеп көргөзмө ачылды


Улуттук китепканада Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган "Өлбөс-өчпөс атак-даңк" деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмө Түлөбердиевге Баатыр наамынын берилишинин 70 жылдыгына арналып уюштурулду.

Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 5-августта Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Воронеж фронтунда өз денеси менен дзоттун оозун жаап, советтик армиянын чабуулдук арекетине ыңгайлуу шарт түзүп берген эле. (RK)

XS
SM
MD
LG