Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Америка элинин атынан Кыргызстанга бекер дары-дармек келди


Америка элинин атынан Кыргызстанга дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Жардамды кыргыз тарапка тапшырып берүү иш-чарасы бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде өттү. Ага элчи Памела Спратлен катышты.

Жардамдын жалпы баасы 17 миллион доллар. Дарылар Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облусатрындагы 11 медициналык мекемеге бөлүштүрүлүп берилет. Жүрөк кан-тамыр дартына, кант диабети оорусуна чалдыккан, кан басымы жогору бейтаптарга Плавикс, Авапро жана Метформин дарылары бекер таратылат. (RK)

XS
SM
MD
LG