Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:40

Орусияда кыргызстандыкты өлтүрдү делгендер соттолду


Орусиянын Красноярск крайында Кыргызстандын жараны Шавкат Атахановду өлтүрдү делген төрт киши соттолду. Бул тууралуу маалымат Красноярсктын прокуратурасынын расмий сайтына чыкты. Кылмышкерлер 42 жаштагы Атахановду былтыр жайында өлтүрүп, кийим-кечеси менен чөнтөк телефонун тартып алышканы сотто далилденгени айтылууда.

26 жаштагы Антон Ларин 16 жылга, Денис Дмитриенко 13, Юлия Домрачева 13 жана Оксана Балакина 12 жылга кесилди.

Бейрасмий маалымат боюнча, учурда Орусияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны бир миллионго чамалап калды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG