Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Кыргызстан Азиянын маданий борборун түзүүгө катышууда


Кыргызстан “Азия маданиятынын борбор шаарын түзүү” эл аралык долбооруна катышууда. Уюштуруу комитетине кирген 15 адамдын ону Түштүк Кореянын көрүнүктүү окумуштуулары, маданият жана коомдук ишмерлери. Ал эми калган беш мүчөсү Австралия, Жапония, Камбоджа, Кыргызстан жана Кытайдан. Кыргызстандан бул комитетке мүчө болуп академик Абдылдажан Акматалиев тандалды. Алгачкы уюштуруу жыйыны жакында Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтөт. Ага академик Акматалиев да катышат.

Түштүк Кореянын экинчи шаары деп эсептелген Кванжуда Азия маданиятынын борборун түзүү боюнча иш-чараларды аталган өлкө 2004-жылы баштаган. Келерки жылы соңуна чыгат.

Адабиятчы, сынчы, акын, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиевдин эмгектери Манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө арналган. (RK)

XS
SM
MD
LG