Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Милициянын айлыгын 40% көбөйтүү сунушталууда


Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин айлык акысын азыркыдан 40 пайыз жогорулатуу сунушун айтууда. Бул тууралуу милицияны реформалоо боюнча жаңы концепциянын долбоорунда айтылат. Концепция кыска мөөнөткө - бир жылга эсептелген. Анда ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу чаралары каралган. Учурда бул долбоор талкууланып жатат. 15-февралда аны ИИМ өкүлдөрү, укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын эксперттери чогуу талкуулаганы жатат.

Эгерде милициянын айлыгын көбөйтүү быйылкы жылдын экинчи жарымында башталса, бюджеттен 582 миллион сом кошумча каражат талап кылынат. (RK)

XS
SM
MD
LG