Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Азербайжанда митингге катышкан 6 киши кармалды


Азербайжандын Исмайилли облусундагы Хажихасанлы айылынын 6 тургуну өткөн айдагы массалык акцияларга байланыштуу кармалды. Алардын жакындары "Азаттыкка" маалымдашкандай, алар азыр түрмөдө отурушат. Исмайиллинин жергиликтүү бийлиги 14 кишинин камалганын билдирген. Бардыгына менчик мүлккө зыян келтирүү жана тартип коргоочуларга баш ийбөө деген айыптар тагылууда. 23-январда Бакудан 150 километрдей алыс жайгашкан Исмайилли шаарчасында миңдеген киши көчөгө чыгып, губернатордун кызматтан кетишин талап кылышкан. Алар облус башчысынын үйүн, бир нече машинени, мейманкананы өрттөп жиберишкен. Тартип коргоочулар демонстранттарды күч менен таркатышкан. Эртеси Бакудагы активисттер тилектештик иретинде митингге чыгып, камалгандарды коё берүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG