Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Каирде Ислам кызматташуу уюмунун саммити уланууда


Саммитке Иран президенти Махмуд Ахмадинежад да катышууда. 30 жылдан бери шиийлер башкарган Ирандын бир да президенти Египетке бара элек болчу. Кечээ Каир мечитинин жанында Ахмадинежадга бир киши бут кийимин ыргытууга аракеттенген.
Жогорку деңгээлдеги жыйында Сириядагы уруш жана Малидеги ислам согушкерлерине каршы аскердик операция талкууланмакчы. Катышуучулар Сирия оппозициясы менен өкмөттү кандуу жаңжалды токтотуу үчүн сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга үндөшөт деп күтүлүүдө. Бирок Сириянын өкүлдөрү Египетке келишкен жок. Уюм 57дей өлкөнүн башын бириктирет. Төрагалык кылууну Египет Сенегалдан өткөрүп алды. Саммитке тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган Кыргызстан делегациясы да катышууда.
.

XS
SM
MD
LG