Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

HRW: Обама Орусия менен мамилени жакшыртуудан баш тартууга тийиш


Өзүнүн жаңы басылмасында уюм Орусия президенти Владимир Путин адам укуктары жаатында саясатын өзгөртмөйүнчө, АКШ өкмөтү “эки тараптуу кызматташууну жандантуу аракетин токтотуп турууга тийиш экенин айтат. Укук коргоочу уюм ошондой эле Барак Обамадан “Чоң жыйырманын” жыйыны алдында Орусияга баруудан мурун терең ойлонууну сунуш кылды. Уюмдун Евразия программалары боюнча директору Сьюзен Корк “Азаттыктын” кабарчысына:

-Путин кандай гана сүйлөшүү, сунуштар болбосун, аларды аткарууга далалат жасабайт. Ошондуктан, АКШ Орусия менен мамилесин калыбына келтирүүгө аракеттенүүдөн мурда анын жыйынтыгына маани берип, анан чечүүгө тийиш, -деп билдирди.

Хьюман Райтс Уотч уюму ошондой эле “Путин өз үйүндө катаал чараларды көрүүнү улантып жаткан кезде” Орусиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна киришине Вашингтон каршы турушу керек деп белгилейт.

XS
SM
MD
LG