Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Индия Балошистан портунун кытайлыктарга берилүүсүнө кабатыр


Индия стратегиялык маанидеги Балошистан портун кытайлык ишкерлерге берүү тууралуу Пакистандын чечимине тынчсыздануусун билдирди. Индиянын Коргоо министри Араккапарамбил Энтони шаршембиде журналисттерге Араб деңизинин стратегиялык Гвадар портун башкаруу өткөн жумада кытайлык ишкерлерге берилиши “тынчсыздануу жаратканын” айтты.
Пекин Хормуз кысыгына жакын жердеги мунай ташуучу портту өнүктүрүүгө 100 млн. доллардан ашуун каражат сарптаган.
Кытай менен Индиянын соода мамилелеринин өнүккөнүнө карабастан, эки мамлекет бири-бирине салттуу атаандаш болуп саналышат. Индия Түштүк Азияда Кытайдын таасири күчөп кетүүсүнө кооптонот. Кытай буга чейин Шри-Ланкадагы портту да каржылап, ушундай эле долбоор менен Бангладешке да кайрылган. Исламабад болсо Кытайдын таасирдүү союздашы, ошол эле учурда Индиянын негизги атаандашы.

XS
SM
MD
LG