Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Ноокатта өрт кырсыгында бир наристе каза тапты


Ош облусунун Ноокат районунда кечээ өрт кырсыгында 2 жашар наристе кыз каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, электр жылыткыч жарылып, үйдө өрт чыккан. 3 жашар Довут Ахматов башынан жана денесинен күйүк алып, азыр реанимацияда жатат. Ал эми 2 жашар Ахматова Акылай алган жараатынан мерт болду.

Чүйдүн Кара-Балта шаарында да кечээ өрт кырсыгында 1969-жылы туулган Бермет Акматалиева 20 жаштагы кызы Назира менен түтүнгө ууланып аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Абалы оор экени айтылууда.

Жалпысынан соңку суткада Кыргызстандын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG