Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

АКШ Кыргызстанга аскерий машыгуу борбор курууну талкуулоого даяр


АКШ Кыргызстандын түштүк аймагына аскерий машыгуу борбор куруу боюнча сүйлөшүүгө даяр.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен 6-февралда Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Элчи айым мындай борбор куруу тууралуу мурда да айтылып келген сөздөр боюнча оюн билдирди. Анын айтымында, эгер кыргыз бийлиги бул боюнча кайрылса, аны талкуулого АКШ даяр.

Элчинин билдиргенине караганда, ушу кезде Кыргызстанда АКШдан келген аскер кызматкерлери кыргызстандык кесиптештери менен келечектеги аскерий жардам боюнча маселени талкуулап жүрөт.

Ошондой эле Памела Спратлен АКШнын Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы башкармалыгынын адистери азыр Бишкекте иш сапарда жүргөнүн айтты. Алар кийинки аптада өтүүчү баңгиликке каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференцияга катышмакчы. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG