Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Парламент апрел окуясындагы талоончулукту талкуулай баштады


Жогорку Кеңеште 2010-жылдын апрел окуясы учурундагы талоончулук боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы талкуулана баштады. Комиссия төрагасы Курманбек Осмонов "Ата-Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин талоончулукка кыйыр, ал эми Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун түздөн-түз тиешеси бар деген бүтүм чыгарлыганын айтты. Ошондой эле, Осмоновдун айтымында, Мадылбеков, Төлөгөнов боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу жок. ИИМ депутаттардын ишин кыскарткан. Кийин баш прокурор Аида Салянова Мадылбеков менен Төлөгөновго байланыштуу шашылыш чечим кабыл алганын, айрым жагдайлар эске алынбаганын билдирген. Эки депутат боюнча кайра тергөө жүргүзгөн, айрым эпизоддор кыскарган. Кийин корутунду чыгарбай эле ишти токтотуп койгон.

Комиссиянын корутундусуна беш депутат кол койгон, бешөө кол коюудан баш тарткан. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG