Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Майлуу-Сууда "Ата-Журттун" тарапкерлеринин митинги өттү


Майлуу-Суу шаарында "Ата-Журт" партиясынын камактагы үч лидеринин тарапкерлери митинг өткөрдү. Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду соттон актап, биротоло бошотууну талап кылды.

Депутаттарды бошотуу боюнча Жалал-Абад облусундагы акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы Медер Үсөновдун "Азаттыкка" айтымында, 300-400 адам бүгүнкү акцияда бийликти сот ишине аралашпоого, сотко басым жасабоого чакырды, баш прокурор Аида Салянованы кызматтан алуу жана Жогорку Кеңешти таркатуу талаптарын да койду.

Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, митингге эки жүздөн ашуун адам катышты.

"Ата-Журттун" лидерлери былтыр октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолууда. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG