Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Кадамжайда кассирди өлтүргөндөр соттолду


Баткендин Кадамжай районунда банктын кассирин өлтүрдү деген шек менен кармалгандардын күнөөсү сотто далилденип, өкүм чыкты.

Кадамжай райондук сотунун төрагасы Алтымыш Маткасымовдун "Азаттыкка" айтымында, Каныбек Зикиров жана Исак Салаев өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Кылмышка тиешеси бар делген Алтынбек Кадыров 20 жылга кесилди. Үчөө тең Кадамжайдын тургуну. Алардын үй-мүлкү конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлдү.

Былтыр 7-сентябрда Пүлгөн шаарчасында Экобанктын филиалынын кассири Бозулан Примов өлтүрүлүп, 2 миллион 238 миң сом, 62 миң рубл жана 14 945 доллар уурдалган.

Соттолгондор эгерде сот чечимине макул болбосо 10 күн ичинде облустук сотко кайрылуу укугуна ээ. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG