Аларды иммиграциялык эрежелерди бузганы үчүн кармашкан жана жакын арада мекенине депортациялай турганы айтылууда. Миграция боюнча Федералдык кызматтын расмий өкүлү Залина Корнилова бүгүн журналисттерге айтканына караганда, кармалгандардын көпчүлүгү - Борбор Азия жумурияттарынан келгендер. “Азыр ошол 107 кишинин 33үн мекенине кайтарабыз, 74үнүн Орусияда мыйзамдуу туруу мөөнөтү кыскартылат”, - деди Корнилова.
Өткөн айда орус президенти Владимир Путин Москвада мигранттарга каттоодон өтүүнү мурдагыдан бир топ татаалдаштырган мыйзамдын долбоорун парламентке сунуш кылган болчу. Ал документте, өзгөчө, мигранттарга квартираларын ижарага берип, бир-эки бөлмөлүү батирде ондогон мигранттар чогулуп жашашына жазаналар каралган.
Борбор Азиядан жылына он миңдеген жумуш мигранттары Орусияга убактылуу иш издеп барышат. Алардын басымдуу бөлүгү курулушта же тейлөө кызматтарында иштейт.