Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Москвада Муса Мураталиевдин “Отту сагынуу” аттуу жаңы романы жарык көрдү


Муса Мураталиев "Буркан жана Мария" китебинин ачылышында жазуучу Ольга Озерова менен Москва, 2011.

Муса Мураталиев "Буркан жана Мария" китебинин ачылышында жазуучу Ольга Озерова менен Москва, 2011.

Бул тууралуу жазуучу өзү “Азаттыкка” кабарлады. Анын “Отту сагынуу” аттуу экинчи романы буга чейинки “Буркан жана Мария” китебиндеги окуянын уландысы жана анда азыркы миграция темасы сүрөттөлөт.

Кыргыз мигрантынын орус жериндеги оор тагдыры, жазуучунун айтымында, азыркы заманда бүтүн эл башынан кечирүүгө аргасыз болуп жаткан негизги өзгөрүүлөрдү чагылдырат. “Муну азыр жазып калыш керек”, - дейт ал.

"Кийинчерээк азыркы проблемалар унутулуп, оор күндөрдү баштан кечирип жаткан мигранттардын турмушу оңолуп кетээр. Ошондо менин бул чыгармам дал ушул убактын, бүгүнкү турмуштун бир элеси, сүрөтү гана болуп калат. Романдагы башкы каармандын тагдыры жалпы мурдагы Советтер Союзунда жашаган элдердин көпчүлүгү тартып жаткан азапка үндөш", - деди автор.

Китептин бет ачары 25-январда Москвада өттү, бирок ал азырынча Кыргызстандагы китеп дүкөндөрүнө жете элек. Жазуучу бул боюнча китепти чыгарган басмакана менен сүйлөшүү болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG