Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

“Ата Мекен” Кумтөр боюнча келишимдерди бузуу боюнча мыйзам долбоорду талкуулайт


"Ата Мекен” фракциясынын бүгүнкү жыйынында өкмөт менен “Центерра голд” компаниясынын ортосундагы 2003 жана 2009-жылдагы кол коюлган келишимдерди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди.

Депутаттын айтымында, фракция мүчөлөрү Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусун эске алуу менен өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди жокко чыгаруу боюнча мыйзамдын долбоорун иштеп чыгышкан. Фракция мүчөлөрү талкуулаган соң парламентке сунушталат.

Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз корутундусун өткөн жылдын аягында жарыялаган. Анда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат. Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Эгер жогоруда аталган шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу сунушталган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG